Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан «Торугарт-1» көмүр кенинде ири өндүрүштүк долбоор жаңы баскычка өттү. «Дун-Сэн» эл аралык соода-энергетикалык компаниясы» ЖЧКсы менен ААК «Кыргызкөмүр» биргелешип ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында көмүрдү тазалоо жана байытуу үчүн заманбап жабдуулар расмий ишке кирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, долбоордун өлкөнүн көмүр тармагын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.
«Мындай өндүрүштөрдүн ишке кириши — энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, ички рынокту сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу жана аймактарды өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Мамлекет менен инвестордун биргелешкен мындай натыйжалуу аракети энергетика гана эмес, тоо-кен тармагында дагы жакшы жыйынтыктарды берүүдө», — деди министр Таалайбек Ибраев.
Жаңы жабдуулардын ишке кириши менен өндүрүлгөн көмүрдүн сапаты жогорулап, курамындагы кошулмалар азайтылат.
Ошондой эле заманбап технологиялар өндүрүштүн экологиялык коопсуздугун камсыздап, айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
