Кыргыз Комур

«Кыргызкөмүр» ААК өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоону улантууда. Көмүр казуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өндүрүштүк участоктордун туруктуу ишин камсыз кылуу максатында ишкана лизинг шартында жаңы заманбап атайын техникаларды сатып алды.

Техника паркын жаңылоо алкагында төмөнкү техникалар алынган:

— 2 даана R380LC-9SH үлгүсүндөгү чынжырлуу экскаватор;

— 3 даана HX520L үлгүсүндөгү чынжырлуу экскаватор.

Жаңы техникаларды сатып алуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, аткарылып жаткан иштердин сапатын жакшыртууга жана өндүрүш объектилериндеги ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

«Кыргызкөмүр» ААК өндүрүштү модернизациялоо жана өлкөнүн көмүр тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча иштерди ырааттуу түрдө улантууда.

Техникаларды жеткирүүчү болуп «Азия Моторс» компаниясы чыкты. @eldik_leasing компаниясына да терең алкышыбызды билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча