«Кыргызкөмүр» кампаларда калкка көмүр сатууну баштады. Бүгүнкү күндө аймактарга көмүр жеткирүү иштери активдүү жүрүп жатат.
Бишкек шаарына — 1 000 тонна
Чүй облусуна — 2 000 тонна
Ысык-Көл облусуна — 1 500 тонна көмүр жеткирилди.
Көмүр монополияга каршы жөнгө салуу органы белгилеген баада сатылууда.
Ал эми Кара-Кечеде акыркы бир жуманын ичинде 6 000 тонна көмүр өндүрүлүп, жөнөтүлдү.
Бүгүн «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси Рустамбек Садыралиев көмүр алууга келген алгачкы кардарларга баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле көмүр кампасынын ээсине да белек берилди.

Бардык кыргызстандыктарга кайрылуу!
Кышты күтпөңүздөр!
Азырынча кезек жок кезде, көмүрүңүздөрдү алдын ала алып коюңуздар.
Көмүр кампаларда бар — барып, өзүңүздөргө керектүү көлөмдө көмүр сатып алыңыздар! 🚛
Кышты күтпөңүз — көмүрдү азыртан камдап алыңыз!