Кыргыз Комур

Быйыл даярдык өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ татаал шарттарда жүрүүдө.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кескин өстү. Жер кыртышын ачуу иштеринин көлөмү үч эсеге көбөйдү. Көп жаан-чачын өндүрүш иштерине тоскоол болду.

Көмүр катмарлары жылдан-жылга тереңдеп, эңкейиш бурчу 70 пайызга чейин өстү.
Ошого карабастан, «Кыргызкөмүр» ААКсынын эмгек жамааты Кара-Кече кенинде рекорддук иш аткарды.

2026-жылдын жети айында 6,5 миллион куб метрден ашык жер кыртышы тазаланды. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч.

Бүгүн бир тонна көмүр казып алуу үчүн орточо 8 куб метр жер кыртышын алуу талап кылынат. Бул өндүрүштөгү эң татаал жана чыгымы жогору көрсөткүчтөрдүн бири.

Мурдагыга салыштырмалуу кыйла көп эмгек, убакыт жана күйүүчү май сарпталууда. Ага карабастан көмүр калкка берилип сатыкка коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча