Кыргыз Комур

«Кыргызкөмүр» ААКтын «Агулак» филиалында жаңы атайын техниканы тапшыруу аземи өттү. Ишкананын жамаатына жаңы жүктөгүчтүн ачкычын «Кыргызкөмүр» ААКтын башкы директорунун орун басары Болот Мухаммед уулу тапшырды.

Жаңы техника өндүрүштүк иштерге тартылып, көмүр жүктөө иштерин ыкчам жүргүзүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштүк базаны чыңдоого шарт түзөт.

Болот Мухаммед уулу жаңы техниканы туура жана үнөмдүү пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

«Жаңы техника — өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга кошумча мүмкүнчүлүк. Аны туура пайдаланып, ишкананын өндүрүшүнө натыйжалуу колдонуу зарыл», — деди ал.

Кыргызкөмүрдө өндүрүштүк кубаттуулуктарды чыңдоо жана техникалык базаны жаңылоо иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча