Эми акчаңыз жок болсо, көмүрдү карызга банк аркылуу алсаңыз болот.
Бишкек шаары, 2026-жылдын 3-ноябры.
«Кыргызкомур» ААК жана MBANK Бишкек шаарынын тургундары үчүн көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган кызматташууну баштады. Анын алкагында шаар тургундары көмүрдү ислам каржылоосунун «Мурабаха» принциби боюнча бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
2026-жылдын 3-ноябрында долбоордун расмий ачылышы болуп өттү. Бул демилге шаар тургундарына кышкы жылытуу мезгилине алдын ала даярданып, көмүрдү ыңгайлуу төлөм шарттарында сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мурабаха — ислам каржылоосунун соодага негизделген түрү. Мында товардын баасы жана үстөк акысы тараптардын ортосунда алдын ала макулдашылат.
Программанын алкагында жарандар көмүрдү 3 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөө менен сатып ала алышат. Мисалы, 14 000 сомдук (7000 сомдон 2 тонна көмүр) сатып алууда, бир жылдык бөлүп төлөө үчүн үстөк акы 1700 сомду түзөт.
Каржылоону алуу шарттарынын бири — оң кредиттик тарыхтын болушу жана MBANK тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүү.
Төмөндө Бишкек шаарындагы аталган программа аркылуу көмүр сатып алууга мүмкүн болгон отун базаларынын даректери көрсөтүлгөн.
«Кыргызкомур» ААК жылытуу мезгилинин алдында калк үчүн көмүр сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жеткиликтүү төлөм механизмдерин киргизүү боюнча иштерин улантууда.
«Кыргызкомур» ААК — ар бир үйгө жылуулук тартуулайбыз!
———————————————————————————————————————-
«Кыргызкомур» и МBANK запустили продажу угля в рассрочку по исламским принципам финансирования
Бишкек, 3 ноября 2026 года.
ОАО «Кыргызкомур» и Мбанк начали сотрудничество, направленное на повышение доступности угля для населения столицы. В рамках партнерства жители Бишкека получили возможность приобретать уголь в рассрочку по исламскому принципу финансирования «Мурабаха».
3 ноября 2026 года состоялось официальное открытие проекта, который позволит жителям столицы заблаговременно подготовиться к отопительному сезону и приобрести уголь на удобных условиях оплаты.
Мурабаха — это форма исламского финансирования, основанная на принципах торговли, при которой стоимость товара и наценка заранее согласовываются сторонами.
В рамках данной программы граждане могут приобрести уголь в рассрочку сроком от 3 до 12 месяцев. При оформлении рассрочки на 14000 сом (приблизительно 2 тонны по 7000 сом) на один год сумма наценки составит 1 700 сомов.
Одним из условий предоставления финансирования является положительная кредитная история и соответствие требованиям Мбанка.
Ниже представлены адреса топливных баз города Бишкек, где жители могут приобрести уголь в рамках данной программы.
ОАО «Кыргызкомур» продолжает работу по расширению возможностей приобретения угля населением и внедрению доступных механизмов оплаты в преддверии отопительного сезона.
ОАО «Кыргызкомур» — заботимся о тепле в каждом доме!
