Бүгүн президенттин онлайн катышуусунда өлкөдө үч көмүр кен ачылды, алар “Тегене”, “Бел-Алма” жана “Торпу”
“Тегене” көмүр кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.
Кору 57,077 млн тоннаны түзөт. Лицензиялык участоктун аянты 2 260,56 гектарды түзөт. Көмүр Д маркасына (узак жалындуу көмүр) кирет, анын жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү — 7 336 ккал/кг.
Ачылыш аземин «Кыргызкөмүр» ААКтын башкы директору Рустамбек Садыралиев өткөрдү.

Ал эми «Торпу» жана «Бел-Алма» көмүр тилкелери Ош облусунда жайгашкан.
Тилкелерди ачык ыкма менен «Кыргызкөмүр» ААК өздөштүрөт. Ачылыш аземин «Кыргызкөмүр» ААКтын башкы директорунун орун басары Болот Мухаммед уулу өткөрдү.
«Торпу» жана «Бел-Алма», “Тегене” тилкелеринин ишке кириши — Кыргызстандын көмүр тармагын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам.
Кенди өздөштүрүү көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого мүмкүндүк берет.