Башкы директордун орун басары Бахадыр Конуров Агулак кенине барып, кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө кендин техникалык абалы, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар текшерилди.
Кышка даярдык – өндүрүштүн туруктуу иштешинин негизги кепилдиги. Бардык жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилип, даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү милдети коюлду.
