Кыргыз Комур

«Кыргызкөмүр» ААКнын өндүрүштүк-техникалык базасы 4×4 үлгүсүндөгү жолтандабас кызматтык автоунаалар менен толукталды.

Жаңы автоунаалар өндүрүштүк пландарды өз убагында жана ыкчам аткарууга өбөлгө түзүп, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Автоунаалар ишкананын аймактардагы филиалдарына бөлүштүрүлүп, өндүрүштүк муктаждыктарга ылайык пайдаланууга берилди.

Белгилей кетсек, аталган жолтандабас унаалар Ата-Мекендик өндүрүүчү «Тулпар Моторс» ишканасынан сатылып алынды. Бул кадам жергиликтүү өндүрүштү колдоо менен катар ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого да багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча