Кыргыз Комур

2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнүнө карата «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомунун «Түштүк» филиалында кыргыз тилинин коомдогу ордун даңазалаган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө филиалдын директору Алияскаров Маил Алияскарович жамаатты Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу орду жана мааниси, аны урматтоо жана күнүмдүк ишмердикте кеңири колдонуу тууралуу сөз сүйлөдү.

Майрамдык иш-чаранын алкагында филиалдын кызматкерлери кыргыз тилине арналган ырларды көркөм окуп, эне тилге болгон терең урмат-сыйын жана сүйүүсүн билдиришти.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын кадыр-баркын жогорулатууга жана кызматкерлер арасында кыргыз тилин колдонуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

«Кыргызкөмүр» ААКнын «Түштүк» филиалынын жамааты жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнү менен куттуктайт! Эне тилибиздин кадыры артып, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошолу!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча