Кыргыз Комур

Бүгүн, 18-июнда, Energy Expo 2026 эл аралык энергетикалык көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Көргөзмөнүн алкагында «Кыргызкөмүр» ААК өзүнүн көргөзмө стендин тааныштырып, компаниянын негизги ишмердүүлүгүн, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, ишке ашырылып жаткан долбоорлорун жана келечектүү инвестициялык долбоорлорун көрсөттү.

Коноктор жана катышуучулар үчүн компаниянын ишмердүүлүгү, көмүр тармагын өнүктүрүү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар сунушталды.

Көргөзмөгө келе албай калган жарандарды эртең дагы келип, «Кыргызкөмүр» ААКнын стенди менен таанышууга жана компаниянын долбоорлору тууралуу кенен маалымат алууга чакырабыз.

Energy Expo 2026
18–19-июнь

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча