Кыргыз Комур

2026-жылдын 16-июлунда «Кыргызкөмүр» АККнын «Түштүк» филиалынын жетекчилиги филиалга караштуу көмүр карьерлеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жана өндүрүштөгү техникалык коопсуздук маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы №404 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкты 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында 2026-жылдын 16-июлунда «Кыргызкөмүр» АККнын «Түштүк» филиалында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга филиалдын жетекчилиги жана филиалга караштуу көмүр карьерлеринин жетекчилери катышып, алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүр өндүрүү жана жеткирүү иштерин өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча милдеттерди талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө көмүр казып алуу көлөмүн көбөйтүү, техникалардын даярдыгын камсыз кылуу, өндүрүштүк процесстерди уюштуруу, ошондой эле көмүрдү өз убагында ташып жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, өндүрүш объектилеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо, кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана кырсыктардын алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйынтыгында филиалдын жетекчилиги бардык көмүр карьерлеринин жетекчилерине Министрлер Кабинетинин токтомунда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча конкреттүү милдеттерди жүктөдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча