Ысык-Көлдүн Бостери айылында «Кыргызкөмүр» ААКнын кызматкерлери арасында «Кара-Кече» филиалы тарабынан уюштурулган спорттук мелдештер өттү.
Анда волейбол, футбол, теннис, бильярд, кол күрөш, аркан тартыш спорттун түрлөрү болду. Ар бир команда өз күчүн сынап, мыктылары байгеге ээ болушту. Бул жөн гана мелдеш эмес — бул команда болуунун, биримдикти бекемдөөнүн жана жеңишке болгон умтулуунун символу. Ар бир оюнда күч, ар бир таймашта ынтымак, ар бир жеңиште жалпы эмгек турат!

Биримдикте — күч, ынтымакта — ийгилик!