Кыргыз Комур

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Жумгал районунун акими, «Кыргызкөмүр» ААКсынын жетекчилиги, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көмүр казып алуучу ишканалар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери каралды. Агулак кенинде иш алып барып жаткан көмүр казып алуучу ишканалардын жетекчилери өндүрүштүк иштердин жүрүшү, көмүр казып алуу көлөмдөрү жана үстүбүздөгү жылга коюлган өндүрүштүк пландар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жаралган көйгөйлөр талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрмөлөр берилип, жооптуу тараптарга тапшырмалар жүктөлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча