Кыргыз Комур

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызкөмүр» ААКсы 5 млн 314,1 миң куб метр көлөмүндө ачуу иштерин аткарып, акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги жыйынтыкка (3 млн 291,6 миң куб метр) салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп.

Мындай олуттуу өсүш ишкананын бүгүнкү күндө сапаттык жактан жаңы деңгээлде иштеп жатканын айгинелейт. Ачуу иштеринин көлөмүнүн көбөйүшү – өндүрүштү туура пландаштыруунун, эмгекти натыйжалуу уюштуруунун, заманбап тоо-кен техникаларын өз убагында ишке тартуунун, ошондой эле инженердик-техникалык кызматкерлердин жана жалпы эмгек жамаатынын жогорку кесипкөйлүгүнүн натыйжасы.

Ачуу иштери көмүр казып алуунун негизги пайдубалы болуп саналат. Ачуу иштеринин көлөмү алдын ала канчалык көп аткарылса, алдыдагы күз-кыш мезгилинде көмүрдү үзгүлтүксүз казып алуу ошончолук ишенимдүү камсыздалат. Жетишилген көрсөткүчтөр ишкананын өндүрүштүк запастарын алдын ала түзүп, жылытуу мезгилине жогорку кесиптик деңгээлде даярдык көрүп жатканын тастыктайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

🇷🇺 Русский
🇰🇬 Кыргызча